02:00, 24 апрель 2024 Шр

Бишкекте Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат

Бишкекте Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат — Today.kg

Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарымдуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. "Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты. Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов жакынкы аралыкта Кыргыз өлкөсүндө казак элинин көрүнүктүү акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы Кыргыз-Казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, аны ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта. Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта эки тараптуу кызматташууну макулдашты. 09:30 26-11-2020 Автор: Айжанар Рыспек кызы

Булак: Super Инфо

up