16:41, 25 апрель 2024 Бш

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 60 миллион 276 миң 951 адам жуктуруп алды

Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 60 миллион 276 миң 951 адам жуктуруп алды — Today.kg

Бүгүн, 26-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 60 миллион 276 миң 951 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 38 миллион 634 миң 752 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 419 миң 567 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 769 миң 915 болду. 262 миң 132 адам каза болсо, 4 миллион 696 миң 664 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 222 миң 216 адамдан аныкталды. 134 миң 699 адам каза болсо, 8 миллион 642 миң 771 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 118 миң 708 адам вируска кабылган. 170 миң 115 бейтап көз жумса, 5 миллион 509 миң 645 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

 

up