07:36, 20 апрель 2024 Иш

Конституциялык кеңешменин курамына көз карандысыз эксперттер кирди

Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөн. Буга байланыштуу конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, кеңешменин курамынан айрымдары чыгарылып, айрымдар киргизилди.

—  Канат Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылды.

— Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;

— Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт,

— Алмамбет Шыкмаматов —Жогорку Кеңештин экс-депутаты;

— Толекан Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;

— Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;

— Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;

— Асел Абакирова– юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;

— Кантемир Мурзабеков —Жогорку Кеңештин экс-депутаты;

— Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;

— Таалайбек Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору кирди.

Конституциялык кеңешме 20-ноябрда түзүлгөн.

up