04:57, 20 апрель 2024 Иш

Кыргыз эстрада ырчылары аялдар зомбулугуна каршы онлайн концерт беришти

25-ноябрда Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы өнөктүк башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында, 25-ноябрда кыргыз эстрада ырчыларынын онлайн концерти өттү. Ыр кеченин алып баруучусу Назира Айтбекова бул чыгармачыл чөйрө аркылуу көйгөйдү элге жеткирүү экенин белгилеп, концерт пандемияга байланыштуу онлайн өтүп жатканын билдирди.

“Бул өзгөчө концерт, биз искусство аркылуу коомдогу гендердик зордук-зомбулуктун бир дагы түрүнө жол жок экенин жеткиргибиз келет”, - деди алып баруучу Назира Айтбекова.

Концерт Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Супер-Инфо” гезити жана SUPER.KG порталы менен бирге уюштурду. Иш-чараны Швейцариянын өкмөтү колдоого алган.

25-ноябрда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча Бишкекте өткөн жыйында акыркы жарым жыл ичинде милицияда 2019 зомбулук катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп.

Быйыл жайында 11 жарандык уюмга COVID-19 пандемиясынын учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоо жана колдоо үчүн USAID гранттык каражат бөлгөн.

Бул каражаттар жапа чеккендер үчүн баш паанектерди кеңейтүүгө, аларга психологиялык жана укуктук колдоо көрсөтүүгө багытталган.  

Булак: Azattyk

up