14:57, 20 апрель 2024 Иш

Өкмөт 2021-жылы салык менен бажыдан канча акча чогултат? Долбоор

Кийинки жылы Республикалык бюджетке салыктан 72,7 миллиард, бажыдан 52,3 миллиард сом жыйноо пландалууда. Бул тууралуу 2021-жылга карата бюджеттин долбоорунда жазылган.

Аны менен катар салыктык эмес кирешелерден 24,2 миллиард, трансферттерден 13,7 миллиард сом түшөрү белгиленген. Ал эми Республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 163 миллиард сомду түзүүдө.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков фискалдаштыруунун экинчи этабында бюджетти толтуруу үчүн бир катар иштер жасаларын парламенттин жыйынында белгиледи.

"Салыктарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында ар кыл автоматташтырылган аналитикалык тутумдарды киргизүү жана салык кызматынын жаңы маалыматтык тутумун түзүү пландаштырылууда. Салык кызматынын, Социалдык фонддун жана Улуттук статистикалык комитеттин отчётторун бириктирүү боюнча иштер жыйынтыкталат. Бирдиктүү электрондук отчёт системасы болот", — деди Новиков.

Андан соң импорт жана экспорттун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн алкагында товарларды электрондук түрдө декларациялоо каралып жатканын кошумчалады.

up