18:59, 29 март 2024 Жм

Сокулукта алты жашар баланын сабалышына шектүү киши камалган жок

25-ноябрда Сокулук райондук соту алты жашар баланын токмоктолгонуна шектелип жаткан жарандын бөгөт чарасын карап, камакка алган жок. Ага башка жакка кетпөө жөнүндө тилкат жаздырып алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле басма сөз кызмат баланын апасы милицияга тосмо арыз жазбаганын билдирди.

17-ноябрда Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну алты жаштагы уулун күйөөсү сабаганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») боюнча катталып, чогултулган материал Сокулук райондук милициясына жиберилген. Кылмышка шектүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени, сотко чейинки териштирүү иштери ИИМдин жана Чүй облустук милициясынын жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынганы кабарланган.

22-ноябрда социалдык тармактарда көзү, бети кан жалаган баланын ооруканада жаткан сүрөтү тараган. Интернет колдонуучулар баланы өгөй атасы урганын, энеси уулун алып качып чыкканын жазышкан.

Сабалган баланын апасынын юристи Шердор Абдыкапаров 23-ноябрда сабалган баланын апасы күйөөсүнө доосу жок экенин, милицияга тосмо арыз жазганын билдирген.  

 

up