15:50, 19 апрель 2024 Жм

Бишкек ЖЭБи жылына 1 млн тоннадан ашык көмүр жагат

Бишкек жылуулук электр борборуна жылына 1 млн. 110 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев 25-ноябрда Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) күз-кыш мезгилине даярдыгын көргөн учурда белгилүү болду. Бишкек ЖЭБинин жетекчилигинин маалыматына ылайык, анын 850 миңи күз-кыш мезгилинде жагылат. Учурда 295 тонна көмүр ташылып келди, калганы белгиленген график менен ташылып жатат.

Мусаевге Бишкек ЖЭБинин директору Андрей Воропаев жана Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев маалымат берип, ЖЭБ кышкы сезонго даяр экенин билдиришти.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз, айрым бөлүгү жарыксыз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы премьер-министрлер баш болгон жогорку кызмат адамдары соттолгон.

Кыргызстан бир жылда кеминде 2,5 млн тонна көмүр керектейт. Анын көбү Жумгалдагы Кара-Кече кенинен казылат.

Бишкек ЖЭБи бир жыл ичинде керектеген көмүрдүн 680 миң тоннасы Кара-Кечеден алынат.  

Булак: Azattyk

up