14:46, 25 апрель 2024 Бш

Орусияда коронавирустан сутка ичинде 500дөн ашык адам каза болду

Орусияда коронавирустан сутка ичинде 500дөн ашык адам каза болду — Today.kg

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 23 миң 675 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 507 адам каза болсо, 25 миң 748 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 4685 (айыккандар 5947);

Санкт-Петербург - 3421 (айыккандар 1769);

Москва облусу - 1005 (айыккандар 616);

Нижегород облусу- 457 (айыккандар 882) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 2 миллион 162 миң 503 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 37 миң 538 адам каза болсо, 1 миллион 660 миң 419 бейтап айыгып чыкты.

 

up