Кыргызстандын экономикасы учурда жетээр жерине жетип, кызыл чектин учунда турабыз. Чечкиндүү кадамдар менен олуттуу реформалар жасалбаса, өлкө келечеги туңгуюкка кептелди. Мамлекетти мите курттай ичтен жеп жаткан көрүнүш бул - көмүскө экономика. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, биздеги көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 24 пайызын түзөт. А чыныгы абал, андан да алда канча кейиштүү.
Эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө, Кыргызстандагы көмүскө экономика ИДПнын 40 пайызынан ашат. Бул деген – жалпы ички дүң продуктубуз 8 млрд. доллардын тегереги болсо, анын дээрлик жарымы көмүскө айланып жүрөт дегенди түшүндүрөт. Көмүскө эмес, көрүнөө иш кылганыбызда мугалим, врачтарыбыз айылыгын, пенсионерлер пенсиясын жок эле дегенде азыркыдан 2 эсеге көп алышмак.
Бажыдагы декларацияланбаган миллиондор, конверт менен өзүнчө айлык берилген кош бухгалтерия тилекке каршы, кадимки эле көрүнүшкө айланып калганына көп болду. Европада, АКШда андай кыйтыр иштерге мыйзам катуу бөгөт коёт. Салыгын жашырганы, кирешесин азайтып көрсөткөнү билинсе, ал жакта атактуу ырчы, чоң кызматтагы чиновник же мыкты спортчу экениңе карабайт. Олчойгон айыпты төлөтүп туруп, түрмөгө тыгып салат. Ошол себептен ал жактын салык төлөө маданияты өтө жогорку деңгээлде. Ошондуктан алар канча жылдан бери өнүгүүнүн үстүндө. Көмүскө экономиканы түп орду менен жок кылбасак дагы, жарым-жартылай жылыш жасоо үчүн эмне кылуу керек? Бул боюнча белгилүү экономист Кубанычбек Идинов оюн ортого салган:
Мурдагы Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров журналисттер менен болгон баарлашуусунда экономикалык амнистиядан пайдаланууну каалаган, өз каалоосу менен мамлекет бюджетине көмүскө акчаларын бурууга макул болгондордун саны көп экендигин айткан.
Эл аралык университеттин Бизнести башкаруу кафедрасынын башчысы Түлеев Расулдун көмүскө экономикадан чыгуу боюнча ойлору дагы колдоого алаарлык экен. Анын пикиринде, жалпы жарандардын киреше менен чыгашасынын эсеби так жазылган база ачуу экономиканы көмүскөдөн чыгаруунун дагы бир жолу болуп бермек дейт.
Баса, экономикабызды алсыратып, ал гана эмес мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч туудуруп жаткан дагы бир чоң көйгөйүбүз бар. Ал – тышкы карыз. Тышкы карыздын өлчөмү боюнча биз КМШда эң алдыңкы саптабыз. Казакстандын карызы 150 млрд доллар, Өзбекстандыкы 27 млрд. доллар, биздики 5 миллиардка жетпейт деп өзүбүздү жооткотконубуз менен ички дүң продуктубузга тууралай келгенде, эң кейиштүү абал Кыргызстандыкы. Жөжөнү күздө санаган сыяктуу тышкы карызды кайтара баштаган мезгил 2020-жылга туура келди. Кайсы жылы канчадан төлөөрүбүз төмөнкү таблицада: (сом менен)
2020-ж |
5,5 млрд. |
2021-ж |
7 млрд. |
2022-ж |
8,9 млрд. |
2023-ж |
9,1 млрд. |
2024-ж |
8,3 млрд. |
2025-ж |
10,9 млрд. |
Пандемия шылтоосу менен быйылкы төлөнчү карызды кийинки жылга жылдыртканбыз. Кийинки 2021-жылга болсо, саналуу күндөр калды. Демек, белди бекем бууп, төшөгүбүзгө карап бутту сунчу учур эми келди. Бул миллиарддардын далайы чиновниктердин сол чөнтөгүнө солонгонун барыбыз эле сезип, билип турабыз. Өткөн айда УКМК таап чыккан чуулгандуу коррупциялык иш бул сөзүбүздү бышыктап турат. УКМК тараткан маалымат боюнча, 1993-жылдан 2002-жылдар аралыгында Өкмөттүн кепилдиги менен алынган 1 миллиард долларлык 40 кредит өлкө казынасына эмес, чет өлкөлөрдөгү жеке банктык эсептерге которулган. 30 жылдан берки ушундай кымырып алмайлардын айынан Кыргызстан бүгүн кыйын күнгө кептелип отурат. Албетте, мындай мисалдар ондоп саналса керек. Өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, миллиондогон долларды чапчыган хан сарайларды салып, үй-бүлөлүк бизнесин өркүндөтүп жаткандардын бүгүн түн уйкусу төрткө бөлүнө баштады. Анткени УКМК менен Каржы полициясынын учурдагы ишмердүүлүгү, биринин артынан бири кармалып жаткан паракорлор, ачылып жаткан миллиондук коррупциялык схемалар элдин демине дем кошуп, эртеңкиге болгон ишенимин жаратууда. Дал ушундай иштерди көрүп турап, тышкы карызды төлөөгө көмөктөшчү элдик фондко акча которобуз деген жөнөкөй жарандардын саны артып жатканы бекеринен эместир. Тышкы карыз маселеси боюнча Кыргыз Экономикалык университетинин Каржы жана каржылык саясат кафедрасынын башчысы, мамлекеттик бюджет жана тышкы карыз маселеси боюнча эксперт Жапаров Гурас мындай дейт:
ЭРЛАН АЗЫКОВ