17:53, 20 апрель 2024 Иш

Арам акчаны адалдоого ашынган бейөкмөтчүлөр...

Арам акчаны адалдоого ашынган бейөкмөтчүлөр... — Today.kg

Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөткөн Конституциянын жаңы долбоору кыргыз коомчулугунун талкуусуна коюлаар замат бийликке жетпей калган арам ойлуу азыноолак саясатчылар, алардын жалданма топтору, улуттун, кыргыздын кызыкчылыгын кыркып салып, Американын, Европанын акырынан жем жеп, демократиянын терисин жамынып алып “дерьмо” иштерди жасаган бейөкмөтчүлөр жапа тырмак жабылып, жөндүү сунуш-пикир айтуунун ордуна жөөлөп, төө бастыга ала башташты.

Алардын айтымында, сунушталган башмыйзам бийликти бир колго топтоп Садыр Жапаров түшпөс хан болот имиш. Эми өткөнгө кайрылсак, дээрлик отуз жылдан бери 10 жолу өзгөртүлгөн башмыйзам эл үчүн, мамлекет үчүн иштеп, кандай жетишкендиктерге жетиштик? Эч кандай! Ошол эле маалда мурунку бийлик төбөлдөрүнүн өздөрүнө ылайыктап түзгөн, мейли президенттикпи, мейли парламенттикпи, мейли парламенттик-президенттик башкаруусу болобу, айтор алардын бийлигине арачы болуп берген жок. Тетирисинче, алды качкын болуп мекенинен алыс жүрсө, айрымдары темир тор артында күн кечиришүүдө. Демек, Садыр Жапаров да Башмыйзамды өзгөртүп, аны менен бийлигин бекемдөөгө батынбайт. Эмнеге? “Башмыйзамдын атасы” делген Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен 2010-жылдан тартып парламенттик-президенттик башкарууга багыт алган Кыргызстан акыркы 10 жылда саясий кризистин сазына кокосунан батып калды.

Парламентаризмди өнүктүрөбүз деген курулай ураанды курал кылган беш-алты саясий лидер мунун арты менен оңбогондой байлык жыйнап, анын акысына мыйзам жазмак түгүл жазылган мыйзамды түзүгүрөөк түшүнбөгөн “соодагер-депутаттарга” Жогорку Кеңешке жолдомо алып беришти. Алар, Кыргызстандын абройун эл аралык деңгээге көтөрмөк түгүл, “эл аралык” деген сөздү жөндөп айтууга жарашкан жок. Анысы аз келгенсип 10 жыл аралыгында бийликте отурган Атамбаев жана Жээнбеков парламенттик–президенттик башкаруу формасында (де-юре) жашап жатабыз деп жоопкерчиликти Жогорку Кеңешке түртүп коюп,  көшөгө артында (де-факто) өздөрү башкарып келгендиги жашыруун деле эмес да. Жыйынтыгында, жоопкерчилик кимисинде экени билинбей, өлкө өйдөлөнгөн абалда калды. Аткаруу бийлигин баш, президентти төш кылып алдына чөгөлөтө турган макамы бар Жогорку Кеңеш, (айрыкча азыркы VI чакырылыш) жебеген  самсанын пулун ашыгы менен төлөп жатышат.

Ал эми “а” дегени Америка жыттанган бейөкмөтчүлөр, эң алды бийликке сын айтаар алдында, силерди жашыл акчасы менен жалдап алган Американын мамлекетти башкаруу формасына бир көз жүгүртүп койгулачы. Ал жакта деле силер жаман көргөн “супер президенттик” башкаруу. Ал жакта бийликке жашы 80ге таяган чалдар ат салышып жатат.  Эмнеге аларды айтуудан айбыгасыңар. Анча-мынча алган акчаңар ата-бабаларыңардын арбагы жаткан мекениңерден артык турабы?

Адам катары жаралган соң татыктуу өмүр сүрүп, Ата Журттун алдында атуулдук милдетиңерди абийирдүүлүк менен аткаруу барынан бийик жана сыймыктуу. Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев өңдүү кыргыз мамлекетинин түптөөчүлөрү кыргыз мамлекетин силерге окшогон арам тамактардын тебелеп-тепсеши үчүн өмүрүн берген эмес.

КАТАГАН САЯКОВ  

up