23:07, 28 март 2024 Бш

Баш мыйзам баркка ээ болсо!?

Баш мыйзам баркка ээ болсо!? — Today.kg

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында партиялык тизме боюнча өткөн шайлоолор оңунан чыккан жок. Биздин өлкөдө саясий институттар катары али калыптана элек, бирок өзүнчө бир коммерциялык уюмдарга айланган партиялар парламентке өтүү үчүн административдик ресурс менен добуштарды массалык сатып алууну колдонушту. Анын натыйжасы катары, шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогон миңдеген жарандар митингке чыгышты. БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты, президент жана премьер ыйгарым укуктарын тапшырып, бийликке элдик лидерлер келишти.    

Учурда эл жаңы бийликтен коомчулукта бир нече жылдардан бери айтылып келаткан түп-тамырынан берки өзгөртүүлөрдү күтүүдө. Өлкөдө жоопкерчиликтүү бийликке болгон талап бышып жетилди.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу кызматында турган саналуу күндөрдүн ичинде жарандардын эң башкы талаптарынын бирин аткарып, өлкөдө форма –2ни жана шайлоо чегин ылдыйлаткан, ошондой эле партиялардын күрөөсүн жокко чыгарган мыйзам кабыл алынганы менен адамдар өзгөрүүлөрдү күтүүдө.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, партиялык тизме боюнча шайлоолор Жогорку Кеңешти, артында өзүлөрүнүн корпоративдик кызыкчылыктарын коргогон жана чөнтөгүнө гана иштеген олигархтар турган жабык акционердик коомго айлантты.     

Коомчулук Кыргызстандагы партиялар азырынча чыныгы партиялар эмес, партиялык курулуш бизде али аяктай электигин түшүндү. Бүгүнкү күндөгү партиялар – бул аларды кирешеси натыйжалуу саясий бизнес катары пайдаланган өзүнчө бир корпоративдүү топтор. Ал эми мажоритардык системада шайлоочулар өзүлөрү билген инсандарды шайлашат. Бирок бул системанын да партиялык системадай эле оң жана терс жактары бар” – дейт саясат талдоочу.

Ошондуктан эксперттин пикиринде аралаш система Кыргызстан үчүн кыйла ылайыктуу болмок.  

Аралаш система боюнча өткөн шайлоолордо талапкерлердин бир бөлүгү фамилиялары, бир бөлүгү партиялык тизме боюнча көрсөтүлөт. 50гө 50 болуп, тең салмактуулук орнойт. Мен ушул иштейт деп ойлойм, – деп белгиледи Марс Сариев.  

Башкаруу формасы боюнча эксперт парламентаризмди мындан ары улантууну туура деп эсептейт, ошол эле маалда кыргыз коомчулугу буга али даяр эмес экенин белгилейт.

     Кыргызстан балким беш шайлоодон кийин чыныгы парламентаризмге жетет. Ал эми азыркы өткөөл мезгилде өлкөгө президенттик башкаруу формасы зарыл болуп турат”, - дейт саясат талдоочу.

Буга кошумчалай Марс Сариев:

Азиялык шарттарда парламентаризм башаламандыкка алып келди. Ошондуктан демократиянын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүп, анан бара-бара парламентаризмге келүү керек. Аны биз 100 жыл бою күтүп отура албайбыз! – дейт.

Арийне, башкаруунун президенттик формасында деле тобокелдиктер бар, бирок Марс Сариевдин пикиринде, Садыр Жапаровдун учурунда тобокелдиктер аз, анткени ал 2005-2010-жылдарда бийликке келген олигархтардын тобуна кирбейт.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков 2010-жылды кабыл алынган Конституция идеалдуу болгон эмес, бирок аны кабыл алышканын белгилейт. Саясат талдоочунун айтымында, ал 10 жылга иштейт деп жазылган. Бул мезгил ичинде байкоо салып туруп, эгерде “кыйшык жерлери” болсо, анда 10 жылдан кийин өзгөртүүлөрдү киргизебиз дешкен. Бирок мораторийге карабай, 2016-жылы ошол кездеги президент А. Атамбаевдин тушунда Баш мыйзам кайра оңдолгон жана Конституция бүгүнкү күндө дагы эле реформага муктаж болуп турат. 

Эксперт белгилегендей, Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү акыркы жолу кабыл алуу учурунда коомдун лидерлери бийликке партиялык тизме аркылуу келиши болжолдонгон, бирок андай болгон жок. “Партиялар коммерциялык мекемелерге айланып, партиялык лидерлердин диктатурасы орноду. Муну токтотуу керек. Биз бүгүн шайлоочулар конкреттүү адамдарга добуш бергидей кылышыбыз керек. Муну партиялык тизме боюнча да кылса болот”, – дейт ал. “Жалпылап айтканда, бүгүн Конституциянын көптөгөн беренелери жакшыртууга муктаж”, – деп, баса белгиледи Жолборс Жоробеков.

up