18:12, 29 март 2024 Жм

Соцтармактарда «Биримдик» саясий партиясынын тизмеси тарады

Социалдык тармактарда «Биримдик» саясий партиясынын тизмеси жазылган кагаздын сүрөтү тарады. Анда партиянын толук курамы жазылган.

Тизмени карасак, Жогорку Кеңештин азыркы депутаттарынан Асылбек Жээнбековду 27-катардан көрүүгө болот. Ал эми Азамат Арапбаев 20-катарда, Аида Касымалиева 8-катарда, Салык кызматынын мурунку жетекчиси Замирбек Осмонов 23тө, мурунку вице-премьер-министр Аида Исмаилова 36-катарда.

Кызматынан чуу менен кеткен мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду талапкер катары 87-орунда көрүүгө болот.

Маданият өкүлдөрүнөн алып баруучу Нурзат Токтосунова да «Биримдиктин» катарында, ал 76-орунга илинген.

«Биримдик» саясий партиясынын төрагасы болуп Акылбек Жамангулов дайындалган.

Буга чейин алдыңкы катардагы 16 талапкердин аты-жөнү айтылган. 

up