14:37, 28 март 2024 Бш

Окуучулар «Тулпар» картасын сатып алуу үчүн мектеп директоруна кайрылат

1-сентябрга карата Бишкекте 6 миңден ашуун мектеп окуучусу “Тулпар” картасын сатып алды. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, карта 50 сом турат, окуучулар үчүн бир айга 175 сомду түзөт. Жашыл картаны бир жолу алып, мектепти окуп бүткөнчө колдонууга болот.

Окуучу “Тулпар” картасын сатып алуу үчүн алгач өзү окуган мектептин директоруна кайрылуусу керек. Жеке жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери да “Тулпар” компаниясына расмий арыз жана окуучулардын тизмеси менен кайрылуулары зарыл.

Бишкекте коомдук транспорт 1-сентбрдан тарта эртең менентен кечке чейин үзгүлтүксүз иштей баштады.

up