13:21, 19 апрель 2024 Жм

Баткенде жер титирөө катталды

Баткенде жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-сентябрда саат 19:34тө Баткен облусунун аймагында күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

up