20:34, 28 март 2024 Бш

Ош шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу жүрүүдө

Ош шаарында жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу жүрүүдө — Today.kg

Ош шаарында 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, учурда аткарылган иштер боюнча эски имаратын бузулушу -100 пайыз, реанимация бөлүмүнүн пайдубалдарынын бетон иштери - 40 пайыз бүтүп калган.

"1-бөлүмчөнүн 20 пайыз, 2 – бөлүмчөнүн 20 пайыз курулушу аткарылган. Объектте 70 адам жана 7 атайын унаа техникалары иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жалпы аянты 2627,7 м2 түзгөн оорукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, реанимация бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот.

 

up