20:41, 28 март 2024 Бш

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке даярдоо класстарынын ишмердүүлүгү кандай жүргүзүлөрү айтылды

2020-2021-окуу жылында Мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана мектепке даярдоо класстары кандай шартта ишмердүүлүгүн жүргүзөрү айтылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде маалымдады.

"Мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шарттарда, аймактык Санэпид кѳзѳмѳлдѳѳ борборлору жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде бардык санитардык талаптарды сактоо менен ишмердигин жүргүзүшү керек;
Тиешелүү органдар тарабынан иштөөгө чечим чыккан бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) муктаждыгына ылайык жүргүзүшү керек. Бекитилген “Карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин кайра улантуу үчүн колдонмосун” жана “Балдардын билим берүү уюмдары үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын аткаруу аракеттеринин алгоритмин” аткаруусу милдеттүү", - дейт ал.

  • Мектепке чейинки билим берүү уюмдары уставында белгиленген тартиби боюнча (3,10, 24 саат) салттуу түрдѳ ишмердигин жүргүзүшү мүмкүн;
  • Ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөнттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу мүмкүн.
  • Балдардын саны абдан аз болсо, “дежурный” тайпалар иштеши да мүмкүн;
  • Ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы мүмкүн;
  • “Балалык” программасынын негизинде даярдалып жаткан видеоматериалдарды көрүү жана кайтарым байланыш уюштуруу аркылуу кырдаалга жараша дистанттык форматта да ишмердик жүргүзүлүшү мүмкүн.

 

up