21:20, 16 апрель 2024 Шш

Бейруттагы жарылуу: Нааразычылыктардан улам Ливан өкмөтү отставкага кетти

Бейрут портундагы жарылууга байланыштуу өткөн массалык нааразылык акцияларынан кийин Ливандын өкмөтү отставкага кетти. Бул тууралуу Associated Press агенттиги өлкөнүн саламаттык сактоо министри Хамед Хасанга шилтеме кылып билдирди.

«Өкмөт толугу менен тарады. Премьер-министр Хасан Диаб кызматтан кетүү тууралуу арызын тапшыруу үчүн президенттин резиденциясына кетти», — деди Хасан.

Буга чейин өлкөнүн юстиция министри Мари-Клод Наджем, маалымат министри Манал Абдель Самад, айлана-чөйрөнү коргоо министри Дамианос Каттар жана каржы министри Гази Вазни кызматтан кеткени кабарланган.

8-августта өткөн нааразылык акциялардын катышуучуларын кууп таратуу учурунда жүзгө жакын киши жарадар болуп, 22 киши ооруканага түшкөн. Чогулгандар өкмөттүн отставкага кетишин жана портто сакталып турган жүктүн коопсуздугун камсыз кылбаган күнөөлүү адамдарды жоопко тартууну талап кылышкан.

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында порттогу кампада 2014-жылдан бери сакталып турган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Кырсыктан кеминде 158 киши каза болуп, беш миңге жакын адам жаракат алды, 300 миңдей тургун үй-жайсыз калды. Өлкө бийлиги шаарды калыбына келтирүү үчүн бир нече миллиард доллар талап кылынарын билдирген.

Ливанда бир жылга жакын убакыттан бери экономиканын начарлашына, валютанын түшүп кетишине жана саясий кризиске карата нааразылык акциялар уланып келет. Коронавируска байланыштуу киргизилген карантин чаралары өлкөнүн экономикасына ого бетер сокку уруп, Ливан дефолт босогосуна кептелген.

up