12:58, 19 апрель 2024 Жм

Беларусиядагы президенттик шайлоо: нааразы болгондор көп

Беларус полициясы Минскиде шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирүү үчүн чогулуп жаткан адамдарды кармап кетүүдө. Минск шаарында 10-августтун кечинде кеминде 20дай киши кармалган. Ошондой эле Брест, Гродно сыяктуу бир катар шаарларда да акцияга чогулгандар кармалган учурлар бар экени айтылууда.

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп өттү. БШКнын 10-августта тараткан алдын ала маалыматына караганда, Беларусиянын учурдагы президенти Александр Лукашенко 80,23%, Светлана Тихановская 9,90% добуш алды. Калган үч талапкер 2% дан аз добуш алышты.

Бийликте 26 жылдан бери турган учурдагы президент Александр Лукашенко шайлоого 6-ирет катышып, 80 пайыз добушка ээ болушу өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда массалык толкундоону жаратты. Нааразычылык акциясы күч түзүмдөрү менен кагылышууга чейин жетип, жарандарга күч колдонуп кармап кетүү көрүнушү орун алды.

Минск шаарында болгон нааразычылык акциясында бир адам каза тапты. Бул тууралуу «Весна» адам укугун коргоо борборунун өкүлү Валентин Стефанович маалымдады.

Беларус Ички Иштер Министрлиги 9-августтагы демонстрация учурунда өлкө боюнча 3 миңдей жаран кармалганын билдирди. Алардын миңге жакыны Минск шаарынан.

Андан сырткары, 50дөн ашык адам жаракат алган. Ошондой эле, 39 милиция кызматкери жабыркаган.

 

up