23:16, 18 апрель 2024 Бш

Жогорку окуу жайлардагы гранттык орундарга кошумча сынак башталды

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун III турунда «Абитуриент Онлайн» системасына 7701 талон келип түштү. Анын 2678и бюджеттик орундарга, 5023 талон келишимдик негизде билим алууга салынган.

III турдун жыйынтыгы менен 3952 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 766сы бюджеттик негизде, 3186сы келишимдик негизде билим алышат.

Системага жалпы 53012 талон катталып, жогорку окуу жайларда окуй тургандыгын 21 миң 795 абитуриент тастыктаган. Анын ичинен 4266сы гранттык негизинде, 17 миң 529у  келишимдик негизде билим алат.

Жогорудагы келтирилген статистикалык маалыматка ылайык жана ЖОЖдор тарабынан берилген өтүнүчтөрдүн негизинде министрлик жогорку окуу жайлардагы калган бош орундарга кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.

Бош орундарга каттоо бүгүн, 11-августта башталды. Кабыл алуунун эрежелери мурунку турдардай эле.

Гранттык бош орундарга:

Гранттык бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан тарта, 13-августка чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 14-августтан 17-августка чейин ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

Контракттык негизинде окуунун бош орундарга:

Бош орундарга өтүнмөлөр 11-августтан 18-августка чейин кабыл алынат. Окуу жай тарабынан сунушталган абитуриенттер 19-августтан 21-августка чейин  ЖОЖдо окуу ниетин тастыктоосу зарыл.

up