11:05, 29 март 2024 Жм

Жээнбеков Александр Лукашенкону кайрадан президент болушу менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь президенти Александр Лукашенкону өлкө башчысы кызматына кайрадан шайланганы менен куттуктады.

Жээнбеков Лукашенконун бай тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү элдин бакубатчылыгын жогорулатууга өбөлгө болуп, өлкөнүн саясий жана экономикалык өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин камсыз кыларына ишеним билдирди.

«Эзелки достук салттарга, өз ара сый-урматка жана кызматташтыкка негизделген кыргыз-беларусь мамилелери мындан ары да биздин мамлекеттердин элдеринин бакубаттыгы үчүн өнүгүп, бекемделе берерине тилектешмин», — деп айтылат куттуктоодо.

9-августта Беларусияда президенттик шайлоо болуп өттү. Бийликте 26 жылдан бери турган учурдагы президент Александр Лукашенко шайлоого 6-ирет катышып, 80 пайыз добушка ээ болуду.

Бул өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда массалык толкундоону жаратты. Минск шаарында болгон нааразычылык акциясында бир адам каза тапты.

up