17:50, 18 апрель 2024 Бш

Гонконгдо «Apple Daily» гезитинин кожоюну Жимми Лай кармалды

Гонконгдо белгилүү ишкер, «Apple Daily» гезитинин кожоюну Жимми Лай кармалды. Ага Гонконгдогу улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында «чет өлкөлүк күчтөр менен алакада болгон» деген айып коюлууда. Дүйшөмбү күнү полиция Лайды кармоо менен бирге анын баш кеңсесинде тинтүү иштерин да жүргүздү.

71 жаштагы Лай - Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири. Анын кармалышы Британия 1997-жылы Кытайдын башкаруусуна өткөрүп берген шаарда жарандык эркиндик чектелип жатканы тууралуу тынчсыздануу күчөгөн учурга туш келди.

«Журналисттерди коргоо комитети» Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзам аймактагы сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктоого жана басма сөз эркиндигин чектөөгө колдонулаары анык болуп калганын билдирип, бийликти Жимми Лайды бошотууга чакырды.

Бээжин кабыл алган бул мыйзам 1-июлдан тартып күчүнө кирген. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеп келет. Мындай беренелер боюнча соттолгондор кеминде 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

 

 

up