06:21, 20 апрель 2024 Иш

Төрөбаев: «Шайлоого катышпайм. Элди алдоо — мүнөзүмө туура келбейт»

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыялады. Ал фейсбуктагы билдирүүсүндө, элди алдап парламентке келүү мүнөзүнө туура келбей турганын айтты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылыштагы парламенти реформа жасаган, өзгөртүү кылган парламент болооруна менин көзүм жетпейт. Ошол себептен 5 жылдын аралыгында кийинки парламенттик шайлоого, биз шайлоочунун оюн, мамлекетке болгон көз карашын жакшы жакка өзгөртүү боюнча иштерди алып барабыз. Ошондуктан бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт”.

Төрөбаев пандемияга байланыштуу парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатын элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди колдоого жумшай турган болду.

Чындыгында бул шайлоодо акча каражат көп кетет. Бүгүнкү күндө шайлоочунун көз карашында программа, идея жөнүндө эмес, ким канча берет экен деген суроону көп берип жатышат. Ал эми жалган саясатчылардын жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору болуп калды. Бул жакшы эмес көрүнүш. Биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз”, -дейт Төрөбаев.

Буга чейин Бакыт Төрөбаевдин «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого катышары тууралуу сөздөр тараган.

up