16:00, 28 март 2024 Бш

Үч өлкөнүн башчылары Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен куттукташты

Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Александр Лукашенкону президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттукташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Анда жазылган маалыматка караганда, өлкө башчылары Александр Лукашенкону шайлоодогу жеңиши менен куттукташып, жылуу каалоо-тилектерин билдиришкен.

Мындан сырткары Беларусь өлкөсү анын жетекчилиги алдында мыкты жаңы ийгиликтерге жетишерине ишенерин белгилешкен.

Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко 80,23 пайыз добушка ээ болду.
 

 

 

up