20:45, 29 март 2024 Жм

11-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 11-августта түнкүсүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;

Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында 11-августта жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35 градус болот.

up