11:52, 29 март 2024 Жм

Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуу боюнча алгоритм өзгөрдү

Кыргызстандын аймагына мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн жактарга, анын ичинде туризм максатында келген адамдар үчүн жаңы алгоритмдер бекитилди. Кыргызстанга келген чет элдик жарандар, жарандыгы жок жактар, өлкө аймагында эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында келгендерге алгоритм өзгөрдү.

-Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;

-Коронавирустун клиникалык белгилери байкалган учурда ПЦР талдоо жүргүзүлүп, ооруканага жаткырылат;

-Клиникалык белгилери жок адамдар ПЦР анализдин жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып турулары керек;

-ПЦР анализинин жыйынтыгы таза чыккан учурда аларга жумуштарына чыгууга уруксат берилет.

Чет өлкөлүк жарандарды обсервациядан өткөрүү шарттары, ПЦР-анализден өтүүсү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргызстандын аймагына автоунаа менен келген жактар:

-Беткап режимин катуу сактоолору керек;

-Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;

-Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЦР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.

Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Эл аралык жана ички авиакаттамдардын жүргүнчүлөрү

-Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу, аралыкты сактоо керек;

-Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;

-Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга жатышат/изоляция андан ары медиктердин байкоосунда болот;

-Байланышта болгон адамдардын чөйрөсүн аныктоо зарыл болгон учурда «Манас» ААК эл аралык аэропорту санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет;

-Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр андан ары маршрут боюнча жүрө алышат.

up