18:38, 29 март 2024 Жм

«Айчүрөк» дүкөнүндө чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкекте Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпчүлүккө ЦУМ деген аталыш менен белгилүү «Айчүрөк» дүр-дүйнө дүкөнүндө чыккан өрт өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ЦУМ-2 соода борборунда өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11де түшүп, 11:33тө өрт толугу менен өчүрүлгөн. Имараттын ичинде таштанды күйгөнү аныкталды. Өрттөн жабыр тарткандар, жаракат алгандар болгон жок.

Социалдык тармактарда «Айчүрөк» дүкөнүнүн имаратынын жогорку кабатынан көк түтүн чыгып, өрттөнүп жатканы тартылган видеолор тарады.

up