17:13, 29 март 2024 Жм

Акышев: Авиакаттамдар аркылуу 25 миңден ашык жаран Кыргызстанга жеткирилди

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери чет мамлекеттерден 200дөн ашык чартердик рейстер аткарылды.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев 10-августтагы брифингде билдиргендей,бул каттамлар менен чет жактардагы 25 миңден ашуун жаран Кыргызстанга келди. Чартердик каттамдарды уюштуруу иштери уланып жатат.

Акышев учурда Орусия менен туруктуу авиа каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Быйыл мартта Кыргызстанда коронавирус илдети катталып, буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жана андан кийин өзгөчө абал режими жарыяланган. Эки жарым айга созулган карантин шарты жумшартылгандан кийин вируска кабылгандар көбөйүп, абал оорлошуп кеткен.

COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тарта бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранган.

Чек аралар азырынча жабык тургандыктан темир жол жана автожол каттамдары качан ачылары белгисиз. 

 

up