11:05, 29 март 2024 Жм

Баткенде коомдук транспорт иштей баштады

Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим облустук штабдын отурумунда кабыл алынды.

Айдоочулар жана жүргүнчүлөр учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, талаптарды так сакташы керек.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, унааларды байма-бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Азырынча облустар аралык коомдук транспорттун каттоосуна уруксат бериле элек.

up