17:43, 23 апрель 2024 Шш

Аскаров: Биздин кызматкерлердин кенемтеси толук төлөндү

Өзгөчө абал режиминде иштеген ӨКМдин кызматкерлерине тиешелүү кенемтелер толук төлөнүп берилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров «Марал» радиосуна берген билдирди.

«Бул маселе жеке менин көзөмөлүмдө болуп жатты. Ар бир бөлүмдүн финансисттери кызматкер канча убакыт иштегенин тактап, өлкөнүн Финансы министрилигине жиберет. Алар да бир катар карап, кызматкерлерге компенсациялар толук төлөнүп берилди. Биздин кызматкерлер да дарыгер, милициялар сыяктуу кызыл зоналарда иштешти. Алардын маянасын көтөрүү боюнча бир топ маселелерди койдук. Пандемиядан улам өлкө казынасына түшө турган каржы булактары кыскарды. Абалды туура кабыл алып, «мен мамлекет үчүн эмне кылдым» деген принципте иштеп жатабыз», —дейт Аскаров.

Анын айтымында, өзгөчө абал режиминде иштеген кызматкерлерге бир топ колдоолор болуп жатат. Мындай колдоолор пандемияга чейин да болуп келген. Алсак, турак жайы жок кызматкер кайсы аймакта жашабасын, анын батир акысын мамлекет каржылап жатат.

Коронавирус менен күрөштө ӨКМдин 6 кызматкери көз жумган. Аскаров алардын үй-бүлөсүнө тийиштүү колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

up