05:12, 24 апрель 2024 Шр

Кытайда чумадан бир киши каза тапкан соң карантин киргизилди

Кытайдын түндүгүндөгү Ички Монголия автономиялык районунда бир жаран кара тумоо илдетинен каза тапкан соң бул аймакка карантин киргизилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, өлүм Баотоу округундагы Дархан-Моминган округунда катталды. Бейтап менен 35 адам байланышта болгону аныкталды.

Райондо жогорку эпидемиологиялык тобокелдик режими киргизилди. Бул режим жылдын акырына чейин улантылат, анткени жергиликтүү бийлик кара тумоонун күчөп кетишинен чочулоодо.

up