10:46, 25 апрель 2024 Бш

Жо Байден Милуокидеги Демократиялык партиянын жыйынына барбайт

Президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан аттанып жаткан АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден Висконсин штатынын Милуоки шаарындагы бул партиянын жыйынына катышпай турганын билдирди. Коронавирус пандемиясынын улам курултайдын басымдуу бөлүгү онлайн өтмөкчү. Бул тууралуу курултайдын уюштуруучулары кабарлады жана мындай чечим оорунун жайылышынын алдын алуу максатында кабыл алынганын айтышты.

Пандемия болбогондо 17-августтагы жыйын төрт күнгө созулуп, 50 миң делегат, журналисттер чогулмак жана анда Жо Байден демократтардын атынан расмий талапкер катары көрсөтүлмөк.

Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп августтагы Флорида штатындагы Республикалык партиянын жыйынын өткөрүүдөн баш тарткан жана азыр «эл көп топтолгон, ири курултай өткөрүүгө ылайыктуу маал эмес» деп айткан.

АКШнын президенти республикачылардын жыйындары «бул же тигил онлайн форматта» өтүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Бирок Трамп 24-августтагы Түндүк Каролинадагы Трампты ноябрдагы президенттик шайлоого бул партиянын атынан расмий талапкер катары көрсөткөн жыйынга делегаттар кыска убакытка чогулушу мүмкүн экенин жокко чыгарган эмес.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

up