07:09, 19 апрель 2024 Жм

Вашингтон башка өлкөлөр Ливияда жалданма аскерлерди колдонуп жатканына кабатыр

АКШ Ливияда зомбулук күчөп жатканына терең кабатырлыгын билдирди жана башка державаларды ал жактагы прокси согушту токтотууга чакырды.

«Бардык тараптардын аскердик менчик компанияларды жана жалданма жоокерлерди пайдаланып Ливиянын иштерине кийлигишүүсүнө каршыбыз», - деди Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О`Брайан 4-августтагы билдирүүсүндө.

Пентагон Москваны Түндүк Африкага «Вагнер» менчик компаниясынын жалданма аскерлерин жөнөтүп жаткандыгы үчүн айыптап жүрөт.

Орусия өзүн Ливиянын Улуттук армиясынын командачысы деп атаган маршал Халифа Хафтарга БУУ тааныган өкмөткө каршы күрөшүндө жардам берүүдө.

Франция, Египет жана Бириккен Араб Эмираттары да Хафтардын армиясын колдошот. Түркия жана сириялык козголоңчулар, Катар, Италия Триполи өкмөтүн жакташат.

О`Брайан билдиргендей, президент Дональд Трамп соңку апталарда бир катар дүйнө лидерлери менен Ливиядагы кырдаалды талкуулады.

Ак үйдүн өкүлү дүйнөлүк державалардын Ливиядагы аракеттери чөлкөмдөгү туруктуулукка жана глобалдык соодага чоң коркунуч жаратканын белгиледи.

up