13:12, 29 март 2024 Жм

Польша "Газпромго" 50 миллион евро айып салды

Польшанын Атаандаштыкты жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо башкармалыгы орусиялык “Газпромго” 213 миллион злотый же 50 миллион евро айыппул салды. Буга компаниянын “Түндүк агым-2” долбоору боюнча маалымат берүүдөн баш тартканы себеп болду.

Маалыматка караганда, “Газпром” "Nord Stream-2" туунду компаниясы менен газ куурунун курулушун каржылаган европалык компаниялардын ортосундагы келишимдер жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткан. Польшанын монополияга каршы мекемеси алты европалык компанияны, анын ичинде “Газпромду” поляк тараптын уруксатысыз консорциум түзүүгө айыптоодо. Буга чейин ушундай эле жүйө менен франциялык "Engie" компаниясы да айыпка жыгылган.

"Газпром" Польшанын чечимине комментарий бере элек.

Формалдуу түрдө “Түндүк агым-2” долбоорун консорциум эмес, европалык компаниялардан насыя алган, толугу менен “Газпромдун” көзөмөлүндөгү компания куруп жатат. Бирок Варшава кеп баары бир монополияга каршы мыйзамдарды бузган консорциум жөнүндө болуп жатканын билдирүүдө.

Польша башка бир катар европалык өлкөлөр сыяктуу эле “Түндүк агым-2” долбооруна каршы. Алар муну менен Орусия Евробиримдикке жана Украинага саясий басым көрсөтүүгө аракет кылууда деп эсептешет.

up