23:32, 16 апрель 2024 Шш

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар акча бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар акча бөлөт — Today.kg

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 60 млн доллар акча бөлөт. Анын 30 млн доллары грант, калганы насыя. Президенттин аппаратынын маалыматына караганда, макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул келишим Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, кабыл алынган.

Келишимдин максаты, Дүйнөлүк банк тарабынан кыргыз өкмѳтүнө Ош облусунун жана шаарынын институционалдык деңгээлин көтөрүүгө, туризм жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү аркылуу экономикалык, регионалдык өнүгүүнү колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Анын алкагында, «Региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору иштелип чыккан. Насыяны төлөө мөөнөтү ар бир жылдын 15-апрели жана 15-октябры деп белгиленген. Тагыраагы 2026-жылдын 15-апрелинен баштап жана 2057-жылдын 15-октябрында аяктайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

up