20:52, 19 апрель 2024 Жм

Нарын облусунда 829 орундуу күндүзгү стационар уюштурулду

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлдү. Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169, Ак-Талаа районунда – 123, Жумгал районунда – 162, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун.

Мындан тышкары Нарын шаарында дагы 50 орун даярдалып жатат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов 8-июлда брифингде билдирди.

Өкүл ошондой эле облус аймагында бир катар чектөөлөр киргизилгенин маалымдады.

«Эл көп чогулган жерлердин, базарлардын ишине чектөө киргиздик. Борбордук базарлар күндүзгү саат 16:00гө чейин, ал эми мал базарлар жумасына бир жолу күндүзгү саат 14:00гө чейин иштейт. Ал жерлер өз убагында дезинфекцияланып жатат», - деди Эмилбек Алымкулов.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында киргизилген өзгөчө абал Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда да убактылуу киргизилип, май айынын башында алынган.

8-июлга карата Нарын облусунда коронавируска чалдыккан 14 адам катталган, алардын үчөө медициналык кызматкерлер. Жалпы облуста оору жуктургандардын саны – 586 адам. 

up