05:31, 19 апрель 2024 Жм

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирустан айыкты

Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирустан айыгып, бүгүн 8-июлдан тарта ишке чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Ал ооруп жаткан учурда тилектештик билдиргендердин баарына ыраазычылык айткан.

Кудайга шүгүр, оорудан үй шартында изоляцияда болуп, врачтын телефондон күнүгө берген көрсөтмөсү менен дарыланып, айыктым. Кайра тапшырган тест таза чыкты. Бүгүнтөн баштап, жумушка чыктым, — деп жазган Эсеналиев.

Ошондой эле, ал ар бир кыргызстандыкка ден соолук каалап, дарыгерлердин эмгегине ыраазычылык билдирген.

Президенттик аппараттын 17 кызматкери коронавируска чалдыкканы тууралуу маалымат 28-июнда жарыяланган. Буга байланыштуу аппарат аралыктан иштөөгө өткөн.

up