03:48, 20 апрель 2024 Иш

Ош шаарына Москвадан дагы 221 кыргызстандык келди

Бүгүн Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди. S7 Airlines авиакомпаниясынын Москва — Ош багытындагы чартердик каттамы менен келгендердин арасында жаш балдар да бар экенин Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспораларынын, Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия жарандардын берген арызына жараша түзгөн.

Ага Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар кирди.

Министрлик чет жерлерде калган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштерди улантып жатат.

up