12:21, 25 апрель 2024 Бш

Арстанбаптагы эс алуу жайы карантинге жабылды

Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагында жайгашкан «Арстанбап турбазасы» эс алуу жайы райондук штабдын чечими менен убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Барпы Кыпчаков билдирди:

«Өлкө аймагында күч алган пандемияга байланыштуу эс алуу жайын 9-июлдан тартып 350 орундуу эс алуу жайын бир жумага жабуу тууралуу буйрук алдык. Ал эми 500 орундуу пансионат, үч балдардын лагери быйылкы сезондо ачылган жок. Жагдайга жараша карантиндик мөөнөт узарышы да мүмкүн. Бирок жеке менчик конок үйлөрүнө чектөө коё алганыбыз жок. Туристтик аймакта коронавирус жугузуп алгандар катталган жок», - деди Кыпчаков.

Жаңгак токою каптаган жаратылыш аймагы катары белгилүү болгон Арстанбапта үч эс алуу жайы, үч балдар лагери жайгашып, 100гө чукул жеке турак жай да кызмат көрсөтөт. Маалыматтарга караганда, былтыр аймакта 100 миңдин тегерегинде адам эс алып кеткен.

8-июлга карата Жалал-Абад облусунда өпкөнүн илдети жуккан 26 жаңы учур аныкталды. Ошентип Жалал-Абад облусунда 501 адам бул ооруну жугузганы катталды. Алардын ичинен 100гө чукул адам учурда дарыланып жатат. 

up