23:10, 28 март 2024 Бш

Кыргызстан пневмонияны коронавирус статистикасына кошуп эсептемей болуп жатат

Кыргыз бийлиги коронавирустун жана пневмониянын расмий статистикасын бириктирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Ал 20-июлдан бери өпкөсүнөн кагынып ооругандардын (пневмония) саны көбөйгөнүн, мурда коронавирус тастыкталган бейтаптарга көбүрөөк көңүл бурулуп келгенин, эми мындай диагноз коюлганга чейин эле бардык муктаждарга жардам берилерин айтты:

"Ооба, COVID-19 катталган алгачкы күндөрдөн тартып республика аймагында пневмония болгондор бирин-серин гана катталып жаткан. Биздин адистер коронавирус деген диагнозду ПЧР анализдин жыйынтыгына карап гана коюшчу. Азыр пневмония болгондордун саны көбөйгөндүктөн ПЧР анализди күтпөстөн тез жардам берүү зарылчылыгы пайда болуп жатат. 20-июлдан бери пневмония болгондор көбөйдү. Ошондуктан азыр эки статистиканы бириктирүү жагы каралып жатат".

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын экинчи жарымында башталды. Ошондон бери бул илдеттен ооруканада жаткан 112, ал эми пневмониядан 268 бейтап кайтыш болду.

Пневмония деген диагноз март айынан бери 3695 адамга коюлду, алардын 1907си айыкты.

Коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын 2983ү айыгып кетти.

Адистер адатта жылдын бул мезгилинде пневмония дээрлик катталчу эместигин, азыр денеси ысып, жөтөлүп, деми кыстыккандардын баары коронавирус экенин айтып жатышат. 

up