14:34, 29 март 2024 Жм

АКШда коронавирус жуктургандар көбөйдү

АКШда соңку күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар көбөйдү. Акыркы үч суткада илдетти жаңы жугузгандардын саны күн сайын 50 миңден ашты. Көз карандысыздык күнүнө даярданып жаткан өлкө бийлиги адамдарды үйүнөн чыкпоого чакырууда.

Бир катар штаттарда ишканалар убактылуу ишин токтотту. 50 штаттын ичинен кыркында вирус жуктургандардын саны көбөйүүдө.

АКШнын түштүк жана батыш штаттарында абал курч болуп турат. Флоридада күнүнө оң миңден ашык адамдан вирус аныкталып, ооруканага жаткандар көбөйүүдө. Аймактын бийлиги коменданттык саат режимин киргизип, эс алуу жайларынын ишин убактылуу токтотту.

Ал эми Калифорнияда болсо ишканалардын ишин жанданттуу планы кийинкиге жылды.

Учурда дүйнө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 11 миллион адамдан ашты, анын ичинен 524 миң адам каза болду. Дүйнөдө вирус аныкталган жана каза болгондордун жалпы санынын төрттүн бири АКШга туура келүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырууда.

up