08:06, 25 апрель 2024 Бш

Кыргызстанда дагы 327 адамдан коронавирус аныкталды

Бүгүн, 4-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 327 учуру катталды. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жаңы катталган 327 учурдун Бишкек шаарында – 149, Чүй облусу — 65, Ош шаарында — 45, Ош облусу — 8, Нарын облусу — 22, Жалал-Абад облусу — 8, Талас облусу — 1, Баткен облусу — 12, Ысык-Көл облусу — 17 каталган.

Жаңы катталган учурлардын баары тастыкталган учурлар менен байланышта болгондордо аныкталган.

Ошондой эле бир сутка ичинде өлкө боюнча 71 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Мындан сырткары бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1065 учур катталды, алардын ичинен 490 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

4-июлга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 7 094 учурга жетти. Учурда стационарда 670 кбейтап дарыланууда, алардын ичинен 18и реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 3 632 болсо, ооруканадан айыгып чыгарылгандардын саны 2 714 кө жетти. Ошондой эле78 бейтап ататлган илдеттен каза тапты.

Булак: Марал ФМ

up