19:05, 28 март 2024 Бш

Сеид Атамбаевге пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылды

Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ооруканада пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барып келгенден бир нече күндөн кийин алы куруп, дене табы көтөрүлүп, муундары ооруй баштаган. 3-июлда ага пневмония диагнозу коюлуп, ооруканага жаткырылганы айтылат билдирүүдө. Сеид Атамбаев УКМКнын кызматкерлерине жана укук коргоочуларга кайрылып, ооруканага барып анын тынчын албоону суранган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканы маалымдалган.

up