05:30, 24 апрель 2024 Шр

Хабиб Нурмагомедовдун атасы көз жумду

Москвада UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов көз жумду.  Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында билдирди.

— «Достор, Абдулманап Нурмагомедовдун бул дүйнөдөн өткөнү  тууралуу кайгылуу кабар келди. Бардык чечен элинин атынан Абдулманап Магомедовичтин үй-бүлөсүнө чын дилден көңүл айтам! Ал жакшы ысымды калтырып, татыктуу муунду тарбиялады « , — деп жазды Кадыров өзүнүн Telegram каналында.

Абдулманап Нурмагомедов 57 жашта болчу. Апрелдин аягынан бери ал коронавируска чалдыгып ооруп жаткан болчу.

Ошондой эле анын жүрөгү ооруп, операцияы жасалган

Абдулманап Нурмагомедов жана уулу 2018-жылы январда Бишкекке учуп келишкен.

up