20:17, 28 март 2024 Бш

Россиядан келген дарыгерлер ишке киришип, тест-система беришти. Сүрөт

Россиялык дарыгерлердин делегациясы Бишкектеги Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн тест-системаларды тапшырышты.

Тест-системалар Россиядан даярдалып, топтом 18 миң изилдөө жүргүзүүгө жетет.

  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРРоссиялык дарыгерлердин делегациясы Бишкектеги Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн тест-системаларды тапшырышты © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРТест-системалар Россиядан даярдалып, топтом 18 миң изилдөө жүргүзүүгө жетет © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРКечээ Кыргызстанга Роспотребнадзордун (Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы) жана РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация келди. © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРАны Роспотребнадзор башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский жетектейт © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРКурам 10 кесипкөй дарыгерден турат © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Российская делегация медиков передала тест-системы для выявления COVID-19 Департаменту профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора КРСмоленскийдин айтымында, кечээ алар өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен чогулуш өткөрүп, бир нече клиниканы кыдырышкан. © Sputnik / Табылды Кадырбеков

1 / 6 © Sputnik / Табылды Кадырбеков Россиялык дарыгерлердин делегациясы Бишкектеги Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн тест-системаларды тапшырышты

Кечээ Кыргызстанга Роспотребнадзордун (Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы) жана РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Аны Роспотребнадзор башчысынын орун басары Вячеслав Смоленский жетектейт. Курам 10 кесипкөй дарыгерден турат.

Смоленскийдин айтымында, кечээ алар өлкөнүн саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен чогулуш өткөрүп, бир нече клиниканы кыдырышкан.

"Биздин милдет методикалык жана консультативдик жардам берүү. Ооруканаларды кайрадан профилдештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл жана эпидемияга каршы режимди камсыз кылышыбыз керек. Бүгүн лабораториялык диагностика менен алектенебиз. Бул ооруну аныктоо багытын кеңейтүүнүн эң маанилүү элементтеринин бири", — деди Смоленский.

Ал кошумчалагандай, дарыгерлердин тобу Кыргызстандын медицина системасынын муктаждыктарын аныктайт.

Делегациянын курамы:

  • Вячеслав Смоленский — Роспотребнадзор башчысынын орун басары;
  • Елена Игонина — Роспотребнадзордун эпидемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кеңешчиси;
  • Наталья Пшеничная — Роспотребнадзордун Эпидемиология борбордук илимий-изилдөө институтунун клиникалык жана аналитикалык иштери боюнча директордун орун басары;
  • Ольга Кедрова — Роспотребнадзордун алдындагы "Микроб" аттуу чумага каршы илимий-изилдөө институтунун илимий катчысы;
  • Евгений Оглодин — Роспотребнадзордун "Микроб" аталышындагы илим-изилдөө институтунун микробиология бөлүмүнүн улук илимий кызматкери;
  • Светлана Скрябина — Роспотребнадзордун Свердлов облусундагы башкармалыгынын эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы;
  • Елена Голухова — Россиянын А.Н. Бакулев атындагы Кардиохирургия клиникасынын башчысынын милдетин аткаруучу, Россиянын илимдер академиясынын академиги;
  • Михаил Рыбка — В.И.Бураковский атындагы Кардиохирургия институтунун жетекчисинин орун басары, коронавирус инфекциясы бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү борборунун директору;
  • Денис Дибин — Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамыр хирургиялык борбордун коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарга медициналык жардам берүү борборунда бөлүм башчы;
  • Геннадий Юдин — Бакулев атындагы Жүрөк-тамыр хирургиялык борбордун коронавирус инфекциясы аныкталган бейтаптарга медициналык жардам берүү борборунда бөлүм башчы.
Булак: Sputnik

up