21:35, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекке Бириккен Араб Эмираттарынан 191 жаран келди

Бүгүн, 3-июлда Бишкек шаарына Бириккен Араб Эмираттарынан Кыргызстандын 191 жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мекендештер «Fly Dubai» авиакомпаниясынын Дубай—Бишкек чартердик каттамы аркылуу келишкен.

Дубайдагы аэропортто белгиленген тартипке ылайык, бардык жүргүнчүлөр учуунун алдында коронавирус инфекциянын жоктугун текшерүү боюнча экспресс тесттерден өтүшкөн.

Ал эми өлкөгө келгендердин баары бекитилген тартип боюнча обсервацияга жайгаштырылат.

 

up