03:17, 26 апрель 2024 Жм

Сейитбек Атамбаев: УКМКнын тергөө абагына кирип чыккандан кийин ооруп калдым

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тун уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына кирип чыккандан кийин өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруканага жатып калганын 3-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:

«УКМКнын тергөө абагына барып келгенден бир нече күн өткөндөн кийин алсырап, муундарым ооруп, денем ысый баштаган. Кечээ эки өпкөм тең пневмония болгондуктан, ооруканага жаткырышты».

Сейитбек Атамбаев кайсы ооруканада экенин жазган жок, бирок ал жаткан бөлмөгө УКМКнын жана күч органдарынын кызматкерлери кирүүгө аракет кылып жатышканын белгилеп, «кайра-кайра кирип, мени сүрөткө тартам деп тынчымды албагылачы, дарыгерлерди ыйлатып кыйнабагыла, суранам» деди.

Ал тергөө абагына качан кирип чыкканын жазган жок.

Бул билдирүүгө атайын кызмат азырынча комментарий бере элек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да эки өпкөсүнөн тең пневмония болуп кеткендиктен, УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу ооруканага которулганы 30-июнда белгилүү болгон.

Атамбаевдин жакындары «илдет ага тергөө абагында атайылап жугузулду»​ деп, бул үчүн бийликти күнөөлөштү.

УКМК Атамбаев жакындарынан коронавирус табылган адвокаты менен контактта болгонун белгилеп, туугандарынын айыптоосун «кылмыш ишин саясий өңүткө байланыштыруу аракети» деп атаган.

Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды.

Cейитбек Атамбаев жакында Социал-демократтар саясий партиясынын курултайы өткөнүн, ал лидер болуп шайланганын жарыялаган. Бул партияны атасы 2008-жылы, эгер, 2020-жылы парламенттик шайлоо алдында КСДПга тоскоолдук жаралса, кошумча вариант катары түзгөнүн билдирген. 

up