23:32, 18 апрель 2024 Бш

Ош: «Классик» мейманканасы госпиталь катары пайдаланууга берилет

Ош шаарынын тургуну Жаныбек Ажимаматов «Классик» мейманканасын пневмонияга кабылгандар үчүн убактылуу госпиталь катары пайдаланууга берип жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Классик» мейманканасы 6-июлдан тарта берилет.

Ошондой эле, мэрия кыйын кырдаалда мейманканасын оорулуулар үчүн акысыз пайдаланууга берип жаткан Ажимаматовдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдире тургандыгын айткан.

up