10:46, 19 апрель 2024 Жм

Коронавирус жуккандардын 2655и айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылгандардын саны 125 кишини түздү. Алар:

Бишкек шаарында – 44,

Ош шаарында – 42,

Ош облусунда – 15,

Чүй облусунда – 7,

Жалал-Абад облусунда – 7,

Нарын облусунда – 6,

Баткен облусунда – 3,

Талас облусунда – 1.

COVID-19 илдетине каршы республикалык штабдын 3-июлдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча жалпысынан 2655 бейтап айыкты.

Алгач Кытайдыy Ухань шаарынан чыгып, дүйнөгө жайылган коронавирус Кыргызстанда алгач 18-мартта үч кишиден аныкталган. Андан бери көбөйүп отуруп, 3-июлда 6767 адамга жетти. Алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду. 

up