17:46, 20 апрель 2024 Иш

Бишкекке Новосибирсктен 186 Кыргыз жараны кайтып келди

Бүгүн, 3-июль күнү Новосибирск-Бишкек каттамы менен Орусиядан 186 Кыргыз жараны кайтып келишти. Анын ичинде кичинекей балдар да бар экенин Республикалык штабдан маалымдашты.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз жарандарынын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугуна келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн. Анын ичинде 19; кош бойлуу аял, 10; жаш бала, 57; студент, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка категориядагы жарандар бар.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарып келүү боюнча иштер дагы да улантылууда.

 

up