23:19, 19 апрель 2024 Жм

«Элим, барсыңбы!?» фонду атын колдонуп акча чогулткандарга ишенбөөгө чакырат

«Элим, барсыңбы!?» коомдук кайрымдуулук фонду инстаграм социалдык баракчасындагы elimbarsynby_312 атын колдонуп фейк аккаунт ачып, жөнөкөй элди алдап, өз кызыкчылыгы үчүн акча чогултуп аткан аккаунтка ишенбөөгө жана акча которбого чакырат.

Фонддун кызматкерлери байланышканда өзүн Руслан Айтиев деп тааныштырган мырза «Жароокерлик фонд» менен бирге иштеп жатат деген жалган маалыматты айткан.

Фонд тарабынан элди дүрбөлөңгө салбай, калпычыга алданбоо максатында баардык териштирүү иш- чараларды көрүп жатат.

Эске салсак, өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу коомдук активистер жасалма деп алдыруучу аппараттарды жана кычкылтек концентраторун алуу үчүн акча топтоп жаткан.

up